Облустук гезиттерди жоюуну көздөгөн токтом долбоор коомдук талкууга коюлду
Облустук гезиттерди жоюуну көздөгөн токтом долбоор коомдук талкууга коюлду. Аны Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги чыгарды.
Долбоор кабыл алынса, төмөндөгү гезиттердин редакциялары ишин токтотот:
- Баткен облустук "Баткен таңы" гезити;
- Жалал-Абад облустук "Акыйкат" гезити;
- "Жалал-Абад тонги" гезити;
- Ысык-Көл облустук "Ысык-Көл кабарлары" гезити;
- "Вести Иссык-Куля" гезити;
- Нарын облустук "Теңир-Тоо" гезити;
- Талас облустук "Талас байрагы" гезити;
- Чүй облустук "Чүй баяны" гезити;
- "Чуйская известия" гезити;
- Ош облустук "Ош жаңырыгы" гезити;
- Ош облустук "Уш садоси" гезити;
- "Эхо Оша" гезити.
Токтом долбоордо андан тышкары гезиттердин редакцияларын жоюу боюнча юстиция органдарына каттоо жүргүзүү, каржы органдарына ишсиз калган кызматкерлерге жөлөк пул жана кенемте төлөө милдеттендирилген.
Кыргызстанда бюджеттен каржыланган 34 райондук, 12 облустук гезит, 6 облустук телеканал бар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:58
2025-07-14
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.