super.kg logo

Өзбекстандын чек арачылары Кыргызстандын аймагына кирип келгенби? Чек ара кызматынын жообу

 

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын бузулушу тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирет.

12-мартта Баткен районунун Сай айылынын жергиликтүү У.Н. аттуу тургуну Өзбекстандын чек арачылары курал менен Кыргызстандын аймагына өтүп кеткени тууралуу видео жарыялаган.

Мамлекеттик чек арадагы чыр-чатактын алдын алуу максатында эки өлкөнүн Айдаркен жана Сох багытындагы чек ара өкүлдөрү жолугушуу өткөрүштү.

Жолугушуунун жыйынтыгында өзбекстандык аскер кызматкерлери мамлекеттик чек араны бузбай, окуя болгон жерди текшерүү үчүн чек ара сызыгына жакын Өзбекстандын аймагында жүргөндүгү аныкталган.

"Баткен районунун Сай айылынын тургуну менен сүйлөшүү учурунда өздөрүн туура алып жүрүшкөн", - деп айтылат Чек ара кызматынын билдирүүсүндө.

Мындай учурлар кайра кайталанбашы үчүн эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү мындан ары тараптардын аскер кызматкерлеринин бардык аракеттерин координациялоону, тиешелүү органдарга алдын ала маалымдоону макулдашты.

Ошол эле учурда жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда тараптардын кадастрдык кызматтарынын жетекчилеринин деңгээлинде дагы бир жолугушуу өткөрүү чечими кабыл алынды.

Мындан тышкары, калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүлөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: