super.kg logo

Кадырбеков жол эрежесин бузгандарга айып пул көбөйгөнүн сынга алды

 

Бүгүн, 15-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков жол эрежесин бузгандарга айып пулдар көбөйгөнүн сынга алды.

"Түшүнүп турам, кырсык азайсын, айдоочуларда жоопкерчилик көбөйсүн деген маселе болуп жатат. Бирок башкасын айтпаганда да Бишкек, Ош өңдүү ири шаарлардагы жолдордун теңинен көбү эле уңкур-чуңкур. Кээ бир жерлерде айланып өтөйүн десең, сызыкты кесип өткөнгө туура келип жатат. Ошол эле мезгилде жолдор аябай тар түшүп калыптыр. Ташкент, Алматыныкын караңыздар, жолдору кенен, биздики тар. Анын эки жагында да унаа токтотуучу жер жок болгондуктан жолдун четине унааларды токтотуп коюп жатышат. Кичи автобустар эки тилкени ээлеп, кыйгачынан туруп алат экен. Алардан буйтап өтөйүн десең эле МАИ турган болот. Ушул өңдүү көйгөйлөрдү чечип туруп, анан айыптарды көтөрсөк туура болот беле", - деди Кадырбеков.

Эске салсак, 8-марттан тарта жол эрежелерин бузган айдоочуларга чара күчөтүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: