super.kg logo

Жаныбек Абировдун иши боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын курамы (тизме)

 

Бүгүн, 15-мартта Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абировдун иши боюнча депутаттык комиссия түзүлдү.

Комиссиянын курамына ар бир фракциядан жана депутаттык топтордон бирден депутат кирди:

  • Замирбек Мамасадыков - "Ыйман нуру";
  • Дастан Бекешев - бир мандаттуу депутаттар;
  • Айгүл Айдарова - "Бүтүн Кыргызстан"
  • Бахридин Шабазов - "Ишеним"
  • Медер Саккараев - "Ата-Журт Кыргызстан";
  • Жусупбек Коргонбай уулу - "Мекенчил";
  • Фархат Алимжанов - "Альянс"
  • Мурадил Сыдыков - "Ынтымак";
  • Бакытбек Чойбеков - "Элдик".

Комиссия Абировду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча башкы прокурордун сунушуна макулдук берүү же четке кагуу корутундусун чыгарат. Аягында көпчүлүк добуш менен чечилет.

Мыйзамга ылайык, депутатка кылмыш ишин козгоо, аны жоопко тартуу үчүн Жогорку Кеңештин макулдугу суралат. Ага байланыштуу Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-4-пункттарынын ("Адамдардын тобу тарабынан коомдук тартипти сактоо боюнча милдеттерин аткаруучу адамдарга карата бейбаштык аракеттер") негизинде жоопко тартуу сунуштамасын кечээ парламентке киргизген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: