ЭЛДИК КАБАРга жооп: Ак-Өргөдө таштандылар убагында алынбай калганынын себеби айтылды



ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө 14-мартта кайрылган окурман Бишкек шаарынын Ак-Өргө конушунда таштандылар убагында алынбай жатканын айткан.
Ал "өткөн аптанын жума күнү келиши керек болчу. Ошондуктан тургундар таштандыларды көчөгө чыгарып коюшат. Келбей калганда алар чачылып турат. Бирок таштандынын акысын ар ай сайын толук чогултуп алат. Кээ бирде 1 айдын ичинде 2 апта гана келет. Мындай учурда акыны азайтса болобу?" деген.
Бул боюнча "Тазалык" муниципиалдык ишканасына байланыштык. Мекемеден азыркы учурда аталган конушта 2 атайын техника иштеп жатканын билдиришти.
"Өткөн жумада ишембилик болуп, Ак-Өргөдө 4 көчөдө таштанды алынбай калган. Азыр графикке жетүү үчүн Ак-Өргөдө 2 атайын техника иштеп жатат. Таштандылар алынат. Бул убактылуу жаралган маселе. Мындан ары мындай көйгөй жаралбайт", - деп билдиришти мекемеден.
