super.kg logo

"Гумжардам тараткандар элге отчёт берсин". Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды

 

Бүгүн, 15-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Эл аралык чукул жардам жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр биринчи окууда каралды.

Ага ылайык, чет мамлекеттерден жана башка донорлордон келген гуманитардык жардамдардын бөлүштүрүлүшү боюнча элге отчёт берилет. Тагыраагы гуманитардык жардам келсе, 6 айдан кийин Өзгөчө кырдаалдар министрлигин кандай бөлүштүрүлгөнү тууралуу отчётту сайтына жарыялоого милдеттендирүүнү сунушташкан.

Аталган мыйзам долбоору депутаттар: Нуржигит Кадырбеков, Султанбай Айжигитов, Динара Ашимова, Акылбек Түмөнбаев, Айсаракан Абдибаева, Винера Раимбачаева жана Тазабек Икрамов тарабынан демилгеленген.

Талкуу маалында депутат Жылдыз Садырбаева отчёт берилбей калса, кандай жаза чаралары караларына кызыкты.

Өз кезегинде депутат Нуржигит Кадырбеков милдеттендирген гана чечим кирип жатканын белгилеп, жаза чарасы боюнча сунушту карап чыгышарын кошумчалады.

Жыйынтыгында мыйзам долбооруна добуш берилип, кабыл алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: