super.kg logo

"Туулган күнүмдү куттукташса, ыңгайсыз боло берем" дейт 31 жашка чыккан актёр Самат Эркинбек уулу

 

Бүгүн, 16-мартта тамашоучу, актёр Самат Эркинбек уулу 31 жашка чыкты. Ал 1992-жылы Токмок шаарында туулган. Күлкү жаратуучунун өздүк майрамы менен куттуктап, ага байланышка чыктык.

“Азырынча майрамдык маанай сезиле элек. Негизи эле туулган күнүм менен куттукташса, ыңгайсыз боло берем. Өзүмдүн туулган күнүмө анчейин маани бере бербегендиктен башкалардын туулган күнүн дагы унутуп калам.

Жубайым биринчи болуп куттуктады. Азырынча белек ала элекмин. Былтыр туулган күнүмдү жакындарымдын курчоосунда тоском. Быйыл эл менен тосом. Себеби, бүгүн элдин жакшылыгында кызмат кылам”, - дейт актёр.

Эскерте кетсек, Самат Эркинбек уулу “Супер-Инфо” гезитинин тандоосу боюнча “2012-жылдын супер күлкү жаратуучусу” наамын алган. Ал 2007-2008-жылдары “Тамашоу” долбооруна “Ак-Өргө City” командасынын атынан катыша баштаган. “Тамашоудон” сырткары өзүн актёрлук жаатта сынап, “Мачо”, “До+Фа”, “Көк Салкын”, “Пентхаус”, “Браво”, “Гонщик таксист” тасмаларында роль жараткан.

Актёр мырза 2017-жылы 21-июлда сүйүктүүсү Чолпонайга баш кошуп, 2022-жылы 29-октябрда уулдуу болушкан.

16-марттын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: