super.kg logo

Азамат Болгонбаев Чүй драма театрынын директорлугунан кетти. Ордуна ким келди?

 

Азамат Болгонбаев Чүй драма театрынын директорлугунан кетти. Анын ордуна Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук драма театрынын директору болуп Жумакадыр Курмангалиев дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Жаңы жетекчини эмгек жамаатка министрдин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев тааныштырды.

Курмангалиев Жумакадыр Билалович 1962-жылы 9-сентябрда Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылында туулган.
1983-жылы Пржевальск мамлекеттик музыкалык колледжинин “Хор дирижеру”, 1992-жылы Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун маданий агартуу иштери боюнча адистигин аяктаган.
2018-жылдан 2023-жылга чейин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Улуттук маданий борборду жетектеп келген.

Ал эми Азамат Болгонбаев мындан мындан ары улуттук "Манас" театрында чыгармачылыгымды улантып, "Эл акыны Элмирбек" эл аралык коомдук фондун жетектей турганы белгилүү болду.

Болгонбаев Чүй облустук драма театрын 2021-жылдын июнь айынан бери жетектеп келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: