Садыр Жапаров ТМУнун кезексиз саммитине катышуу үчүн Түркиянын президенттик комплексине барды (фото)






Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-мартта, Түрк мамлекеттер уюмунун башчыларынын саммитинин кезексиз жыйынына катышуу үчүн ТүркиянынАнкара шаарындагы президенттик комплексине барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Белгиленгендей, президенттик комплекске иш-чарага катышуу үчүн келген лидерлерди жана делегациялардын башчыларын Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган тосуп алды.
Салтанаттуу тосуп алуу жана биргелешип сүрөткө түшүү аземи аяктагандан кийин өлкө лидерлери жолугушуу залына өтүштү.
Уюмдун мамлекет башчыларынын кезексиз жыйынынын темасы – “Кырсыктарды башкаруу жана гуманитардык жардам”.
Иш-чарада табигый жана техногендик коркунучтардан улам келип чыккан табигый кырсыктар, ошондой эле жамааттык чара көрүү маселелери талкууланат.
Саммиттин ишине уюмга мүчө мамлекеттердин – Кыргызстан, Түркия, Азербайжан, Казакстан жана Өзбекстандын башчылары катышып жатат.
Саммиттин ишине Түркмөнстандын Халк Маслахаты Милли Генгешинин төрагасы жана Венгриянын премьер-министри ТМУда байкоочу статусуна ээ өлкөлөр катары катышууда.
