super.kg logo

Интернет жылдызы Бегимай Бекбоева: "Мирбек Атабековдун концертине түнкү саат үчтө билет алгам"

 

КРнын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабековдун 11-мартта өткөн жеке концертинде "Суранамын кечир мени" аттуу чыгармасын аткарган Бегимай Бекбоева аттуу кыз бир күн ичинде интернет жылдызына айланды.

Бегимай Бекбоева 21 жашта. Кыргыз-Түрк Манас университетинде көркөм-өнөр факультетинин вокал бөлүмүндө окуйт. Музыка менен мектеп курагынан бери алектенип келет. Бекбоеванын айтымында, ал Мирбек Атабековдун концерти дагы бир күнгө узартылганын угуп барганын айтат.

"Мирбек Атабеков дагы бир күн концерт берерин угуп түнкү саат үчтө билет сатып алдым. Адатымча концертке кечигип, опера жана балет театрына эмес, филармонияга барып алыптырмын. Ал жакка кайра такси менен бардым. Орундугума отурарым менен концерт башталды.

Концерттин жүрүшүндө ырчынын күйөрмандары жанына барып сүрөткө түшүп жатышты. Бирок мен жаңы нерсени кааладым, анан тобокелге салып, телефонума "сиз менен ырдасам болобу?" деген текст жазып, ага окутсам, дароо микрофонду берди. "Сени гана" деген ырды аткардым. Андан кийин сахнага чакырып "Суранамын кечир мени" деген чыгармасын толкундануу менен ырдадым.

Ачыгын айтсам, кыргыз эстрадасын көп деле укпайм. Кыргыз ырчыларынан Мирбек Атабековду кумир тутам. Мен үчүн №1 ырчы болуп калат", - дейт интернет жылдызы.

?showinfo=0&rel=0" frameborder="0" allowfullscreen>






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: