super.kg logo

Бишкекте ири эл аралык энергетика форуму өттү

 

Бишкектеги мамлекеттик резиденцияда Евразия экономикалык комиссиясынын жана Кыргызстандын энергетика тармагындагы аялдар ассоциациясынын колдоосунда ири эл аралык энергетикалык форум өттү.

Форум энергиянын кайра жаралуучу булактары, инновациялык өнүгүүлөр жана өзгөчө экономикалык шарттарда санариптик трансформация темасына арналды. Ага Энергетика министрлигинин, ири энергетикалык компаниялардын, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жана башка мамлекеттердин университеттеринин жана долбоорлорунун өкүлдөрү катышты.

Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура министри Арзыбек Кожошев ЕАЭБ өлкөлөрүнүн энергетика тармагындагы кызматташуусунун маанилүүлүгүн белгилеп, аймактагы энергетикалык коопсуздукту чыңдоо мүмкүнчүлүктөрүн атады.

"Мисалы, бүгүнкү күндө Орусиянын энергетикалык кубаттуулугу керектөөдөн эки эсе жогору. Казакстан менен Кыргызстанда тескерисинче. Быйыл кышында энергетика боюнча чоң көйгөйлөр болду. Эгерде бирдиктүү система кылсак, анда ЕАЭБ өлкөлөрү бири-бирине жардам беришмек. Андан сырткары электр энергиясын базар шартында сата алабыз. Бул үчүн атайын биржа түзүлөт", - деди Арзыбек Кожошев.

Бул форумдун алкагында Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети жана Даукеев атындагы Алматы энергетика жана байланыш университетинин ортосунда кызматташуу боюнча үч тараптуу меморандумга кол коюлду.

Кол коюлган документке ылайык, Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда энергетика тармагындагы студенттер менен адистердин квалификациясын жогорулатуу жана тажрыйба алмашуу боюнча иш-чаралар өткөрүлөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: