Бишкекте бүгүн бир катар көчөлөр тосулат
Бүгүн, 17-мартта борбор калаада бир катар көчөлөр тосулат. Бул тууралуу ИИМдин маалыматында айтылат.
Маалымдалгандай, убактылуу чектөөлөр транспорт кыймылына саат 10дон 12ге чейин Сүйөркулов көчөсүнүн Малдыбаевден Байтик Баатыр көчөсүнө чейинки тилкесинде жана Байтик Баатыр көчөсүнүн түштүк тарапты көздөй Сүйөркулов-Масалиев бөлүгүндө киргизилет.
Анда жол инспекторлору мектеп окуучулары менен биргеликте жүрүш уюштурат.
"Иш-чара айдоочулардын көңүлүн жол эрежелерин так сактоого буруу үчүн өткөрүлөт", - деп айтылат билдирүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:58
2025-07-14
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.