super.kg logo

“Санарип Инсан” долбоору аймактагы окутууларынын экинчи айлампасын баштады

 

“Санарип Инсан” долбоору аймактагы окутууларынын экинчи айлампасын баштады.

"Кыргыз интернет коому" (ISOC) коомдук бирикмесинен билдиришкендей, бул ирет электрондук коммерция тууралуу тренингдер Кыргызстандын калкы жыш жайгашкан 12 аймагында өтүүдө. Социалдык тармактар аркылуу алдын-ала каттоолор жүрүп, ага жаштар, кыз-келиндер жана ишкерлер катышууда.

"Тренингдин алкагында катышуучулар товар же сунуштала турган кызматтарды фото, видео жана тексттин жардамы менен бүгүнкү күндөгү базар талабына ылайык презентациялоо, жарнама, пост, макала, техникалык мүнөздөмөлөр үчүн тексттерди жазуу жана копирайтинг сырларын ачуу сыяктуу көндүмдөргө ээ болушту.

Ошондой эле мобилография боюнча практика жүзүндө видео аркылуу жарыялоону, видеого тартууну, монтаждоо сырларын жана ага тиешелүү тиркемелер аркылуу электрондук аянтчаларга жайгаштырууну өздөштүрүштү. Жалпысынан 6 аймактан 120 жаран өздөрүнүн билимин жогорулатып, электрондук коммерциянын артыкчылыгын, катталуу ыкмасын, өзүнүн прдукциясын алдыга жылдырууну үйрөнүп, тренингдин аягында сертификаттарга ээ болушту", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, өткөн жылдын ноябрь айында өлкөнүн айыл аймактарындагы жаштар жана кыз-келиндерге санариптик көндүмдөрдү жогорулатууга багытталган окутуулар башталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: