super.kg logo

Оштогу жалпы ишембиликте 2200 куб таштанды чыгарылды (фото)

 

Бүгүн, 18-мартта Ош шаарында жалпы республикалык ишембилик өттү. Ага менчигинин түрүнө карабай бардык мекеме-ишканалардын эмгек жамааттары жана калаа тургундары катышты. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Мекеме жамааттары өздөрүнө бекитилген аймактарды таштандыдан арылтып, арыктарды тазалоо, бордюрларды жана тосмолорду актоо, көчөт отургузуу, бак-дарактарды актап-сырдоо жумуштарын жүргүзүштү.

Муниципалдык аймактык башкармалыктар тургундар менен биргеликте өз аймактарын таштандылардан жана жалбырактардан тазалашты. Жалпысынан ишембиликтин катышуучулары шаардын аймагын, анын ичинде сейил бактардын жана скверлердин аймагын иретке келтиришти.

"Ош-Тазалык" ишканасынын кызматкерлери тарабынан ишембиликтен кийин 2200 куб таштанды чыгарылды. Ош шаары боюнча ишембиликке 15 миңден ашык адам катышты.

Билим берүү мекемелеринде 900 түп декоративдүү жана мөмө-жемиш дарактарынын көчөттөрү, 10 миң түп гүл отургузулду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: