super.kg logo

"Маш ботой жаңырып". Будапештте кыргызстандыктар Нооруз майрамын белгилешти (фото)

 

Кечээ, 18-мартта Кыргызстандын Венгриядагы элчилиги тарабынан 250дөн ашык мекендештердин катышуусунда Нооруз майрамы уюштурулду. Бул тууралуу тышкы иштер министрлиги билдирди.

Венгриядагы элчи Талантбек Кушчубеков куттуктоо сөзү менен мекендештерди куттуктап, Нооруз жаз менен жаңылануунун майрамы экенин, ал жаңы жылдын башталышын символдоштуруп, кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын жана салттарын камтыган майрам экенин баса белгиледи.

Иш-чара кыргызстандык студенттер тарабынан даярдалган чакан концерт менен коштолуп, элдик жана кыргыз эстрадасынын ырлары ырдалып, “Маш ботой” чыгармасы комузчулардын аткаруусунда тартууланды.

Ошондой эле катышуучулар, Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейи тарабынан даярдалган “ Улуттук салттын ажайып сулуулугу” аттуу эл аралык этнологиялык сүрөт көргөзмөсү менен таанышышты.

Майрамдык салтанат, кыргыздын улуттук тамактарынан жасалган майрамдык дасторкон менен жыйынтыкталды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: