super.kg logo

Режиссёр Азамат Исмаилов: "Бургерибиз өрттөнүп кеткенде бир чети сүйүнгөнбүз"

 

SUPER.KG порталынын бул жолку коногу Тамашоучу, режиссёр Азамат Исмаилов болду.

Каарманыбыз тарткан кинолору, алдыга койгон максаттары жана популярдуу болгон "Разбой" тасмасы тууралуу кененирээк маалымат берди. Ошондой эле ал бизнеси өрттөнүп кеткенине кубанганын кошумчалады.

"Орто жолдон бургер ача калып, ал өрттөнүп кетти. Ага бир чети сүйүндүк. Ал убакта пандемия жаңы бүткөн болчу. Бургерди төрт бала биригип ачтык. Ачканда тамак-ашта биринчи эле эт маселеси келет экен. Биз ошол убакта этти 460 сомдон алчубуз. Анан ошол убакта өлгөн малдын этинен фарш алып келишчү, ал 180 сом.

Биз адал союлган малдын этин саткыбыз келди. Мисалы эттин баасы 460, анан ага бургер, соустарды кошуп, ижара жана майда-чүйдөнү эсептеп келгенде бир бургердин баасы 200 сомдун тегерегинде болуп калды. Ал убакта башка жактарда бургердин баалары 120, 100, 90 сом болчу.

Анан биз пайда деле таппай калдык, ижараны кээде өзүбүздүн чөнтөгүбүздөн төлөөгө туура келип жатты. Ошол менен бир жылдай кыйналып эле жүрдүк. Анан бир күнү өрттөнүп кетти, бир чети жаман болдук, бир чети сүйүндүк", - деди Азамат Исмаилов.

Маекти толугу менен видеодон көрүңүз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: