Ысык-Көлдөгү аэропорттун кулап калган тосмо дубалын ким калыбына келтирет?

"Тамчы" эл аралык аэропортунун айланасын королоо боюнча “Кыргызстройсервис” ишканасы жеке подрядчы компания менен келишим түзгөн. 2023-жылдын 18-март күнү Ысык-Көл облусунун аймагында жүргөн катуу шамалдан улам бетондоо иштери толук бүтө элек участоктогу дубалы урап калган. Тосмо дубалдын кулап калышы боюнча, подрядчы фирма чыгымды өз мойнуна алат жана кайра калыбына келтирет", - деп жазды Орунбеков.
Ал белгилегендей, калган аралыктагы дубал талапка ылайык бетондолгон. Учурда ураган дубалды тазалоо, ордун иретке келтирүү жана кайра тургузууга даярдык көрүү иштери жүрүп жатат.
"Тосмо дубалдын сапаты боюнча “Кыргызстройсервис” ишканасы өткөрүп алуу учурунда дыкат текшерүү жүргүзүп, талапка жооп берсе гана кабыл аларын белгилейбиз", - деп кошумчалады ал.
Белгилей кетсек, 18-мартта Ысык-Көл районунун Тамчы айыл аймагында жайгашкан "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунун тосмо дубалы кулаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:19
2025-07-14
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.