super.kg logo

"Чамдаңыз!" "Эң мыкты кинодолбоор" сынагы жарыяланды

 

Жаш кинематографистерди колдоо максатында “Эң мыкты кинодолбоорлор” сынагына көркөм жана даректүү тасмалардын долбоорлорун кабыл алуу жарыяланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдирди.

Ага ылайык, сынакка билдирмелер 14-апрелге чейин кабыл алынат.

Кабыл алуу эрежеси:

- көркөм жана даректүү тасмалардын долбоорлору кабыл алынат;

- катышуучу Кыргыз Республикасынын жараны болуусу керек;

- долбоорлор кыргыз жана орус тилдеринде кабыл алынат.

Талаптар:

1. Кинематография департаментинин директорунун атына кат.

2. Өтүнмө (формасы тиркелет).

3. Долбоордун кыскача синопсиси (формасы тиркелет).

4. Календардык план (формасы тиркелет).

5. Сценарий.

6. Сценарийдин автору, режиссёру жана продюсеринин Кыргыз Республикасынын жарандыгын тастыктаган документтеринин көчүрмөлөрү (паспорт).

7. Долбоордун бюджети (формасы тиркелет).

8. Кинодолбоордун режиссёрунун, сценаристтин өмүр баяны, атайын окуу жайын же режиссёрдук курсту бүтүргөндүгү тууралуу документ (CV).

9. Режиссёрдун фильмографиясы, эл аралык кинофестивалдарда алган сыйлыктарынын көчүрмөлөрү.

10. Кинодолбоорлорго кино тармагында жетишкендиктери бар адистин көркөм жетекчи болууга сунуштама.

11. Тарта турган кинокомпаниянын же студиянын фильмографиясы.

12.Кинодолбоорду каржылоонун көлөмү жана булактарын тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү.

13.Салык, камсыздоочу төлөмдөр жана туумдардын төлөө боюнча фискалдык органдардан (карызы жоктугун тастыктаган) маалымкат.

Министрлик жогорудагы тизмедеги талап кылынган иш кагаздар 2 нускада болушу керектигин жана талаптарга жооп бербеген документтер кабыл алынбай тургандыгын эскертет.

Сурап билүү телефондору:+996 312 300 265; +996 312 301 047.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: