super.kg logo

"Жолдошу белгилүү аткаминер". Казак ырчысы Жанар Дугалова турмушка чыкты

 

Белгилүү казак ырчысы, актриса, "Turkvizyon-2014" сынагынын жеңүүчүсү, “KeshYOU” тобунун мурунку мүчөсү Жанар Дугалова турмушка чыкты. Бул тууралуу казак маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка караганда, ырчынын кыз узатуусу 17-мартта Астанада өткөн. Дугалова маектеринин биринде “Ооба, мен турмушка чыгып жатам. Биз Казакстанда тааныштык. Ал чыгармачылыктан алыс, бирок музыкалык табити жакшы, ар тараптуу, кызыктуу адам. Мен дайыма жүрөгүм тандап сүйгөн адамга турмушка чыккым келчү”, - деп болочоктогу жолдошуу тууралуу маалымат берген.

Белгилүү болгондой, 36 жаштагы ырчы айымдын жолдошунун аты - Ильяс. Ал Казакстандагы белгилүү аткаминер экени айтылат.

Эске салсак, жыл башында 38 жаштагы ырчы Ерке Есмехан 26 жаштагы рэп аткаруучу Раимге турмушка чыкса, 35 жаштагы ырчы Камшат Жолдубаева 29 жаштагы кесиптеши Газрет Ержанов менен бүлө курган. Андан сырткары, актриса Гүлназ Жоланова дагы турмуш жолуна узаган. Бирок актриса айымдын жолдошу ким экени белгисиз. Такталбаган маалыматтарга караганда, ал актёр Аян Отепберген.

Мындан улам казак интернет колдонуучулары "Ерке Есмехан жол ачты" деген комментарийлерди байма-бай жазышууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: