super.kg logo

"Кудайга шүгүр, бул жашка жетпей калгандар канча?" дейт 45 жашка чыккан ырчы Назми Байзакова

 

Бүгүн, 20-мартта ырчы Назми Байзакова 45 жашка толду. Ырчы айымдын майрамдык маанайын билүү үчүн ага байланышка чыктык.

"Туулган күнүмдү биринчи эле кыздарым түнкү саат 12де куттукташып, түгөнүп бараткан косметикалык каражаттарымды белек кылышты. Мен үчүн эң чоң белек ошол болду. Бир тууган агам экөөбүздүн туулган күнүбүз бир күндө болгондуктан, бүгүн алар менен чогуу тосом. Ал эми эртең, Нооруз менен өздүк майрамды курбуларым менен чогуу белгилейбиз.

Мурун туулган күнүмдү аябай күтчүмүн, бирок жыл өткөн сайын маани бербей калат экенсиң. Кудайга шүгүр кылам, анткени, бул жашка жетпей калгандар канча?" - дейт ал.

Назми Байзакова 1978-жылы 20-мартта Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында туулган. Ал калың элге ырчы Сапар Сопубеков менен "Эсимде" аттуу ырды аткарып таанылган. Анын репертуарында "Алдаба", "Жүрөм сени таппай", "Келчи кайра", "Падышам", "Уча бер үмүтүмдүн каркырасы" аттуу ырлар камтылган.

20-мартка карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: