super.kg logo

"Туулган күнүмдүн майрамга туш келип калганы жагат" дейт 32 жашка толгон Нооруз Алымбаев

 

Нооруз майрамында төрөлгөндөрдүн катарында ырчы Нооруз Алымбаев да бар. Ал бүгүн, 21-мартта 32 жашка чыкты. Ырчыны куттуктап байланышка чыгып, чыгармачылыгы тууралуу да суроо бере кеттик.

"Туулган күнүмдү эң биринчилерден болуп ата-энем, бир туугандарым куттукташты. Куттуктоолор 21-марттын алгачкы мүнөттөрүндө эле башталган. Бул күндү үй-бүлөм менен, андан соң досторум менен биргеликте белгилейин деп жатам. Бирок алдын-ала даярдык көрбөйм. Туулган күнүмдүн 21-мартка туш келип калганы жагат. Себеби элдин куттуктоосу, майрамдык шаң менен өтөт.

Өзүңүздөр билгендей акыркы учурда чыгармачылыктан алыстап кеткем. Башка иштер менен алек болуп жүрдүм. Бирок ошол эле убакта көптөгөн обондорду ырларды чыгарып койгом. Эми алардын үстүнөн иштөө керек. Жакында эле "Easy come" деген ырыбызга клип тарттык. Сөзүн Чыңгыз Алиев деген байкебиз жазып берген, обону өзүмдүкү", - дейт ал.

Нооруз Алымбаев 1991-жылы 21-мартта Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда туулган. Ал бала кезинен ырдаганга кызыгып, ырчы болууну кыялданчу. Мектепте кечелерде ырдап, кийинчерээк "Ак марал" бий ансамблинде бийлеген. Көпчүлүккө казактардын "Көк жөтөл" аталышындагы элдик ырын кыргызча ырдап таанылган.

21-марттын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: