super.kg logo

Кыргызстандык “D-Billions” чыгармачыл тобу Франциянын Кыргызстандагы элчиси менен жолукту

 

Белгилүү кыргызстандык “D-Billions” командасынын чыгармачыл тобу Франциянын Кыргызстандагы элчиси Франсуа Делаус менен жолугушту. Бул тууралуу аталган YouTube каналдын жетекчиси Акбар Сүйүнбаев маалымдады.

“Биздин команданын ишмердүүлүгүнө баа берип, күйөрмандык кылып келген Франциянын Кыргызстандагы элчиси Франсуа Делаус мырза бүгүн бизде мейманда болду.

Сыймыктануу менен биздин ийгиликтерибизди колдоорун айтып, жакында эле күмүш баскычын алган "D`Billions France" каналыбызга ыраазычылыгын билдирип, мындан ары биз менен кызматташуу боюнча кыялдары бар экенин айтты”, - дейт ал.

Эске салсак, “D-Billions” балдар YouTube каналынын чыгармачыл тобу көчмөн элдеринин маданиятын дүйнөгө таанытуу максатында “Learning Nomad Games” аталышындагы видеотасманы дүйнөлүк аренага тартуулашкан. Андан сырткары, алар 12 миллиондон ашык катталуучу менен YouTube`дун "бриллиант баскычына" ээ болушкан. Ал эми учурда аталган каналдын 25 миллиондон ашуун катталуучусу бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: