super.kg logo
  Саясат  

ЖКнын депутаттары Непалдын өкмөт өкүлдөрү менен аялдардын мамлекеттик башкаруудагы ролун талкуулады

 

Жогорку Кеңештин депутаттары Айнуру Алтыбаева менен Ирина Карамушкина бүгүн, 10-декабрда Непалдын өкмөт өкүлдөрү менен жолугушту. Анда гендердик теңчилик, аялдардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, алардын мамлекеттик башкаруудагы ролу сындуу маселелер талкууланды.

Непалдан Кыргызстанга келген делегациянын курамында Тынчтык жана реконструкция министрлигинин, Аялдар, балдар иштери боюнча жана социалдык камсыздоо министрлигинин, Аялдар, балдар иштери боюнча департаменттин өкүлдөрү, Непалдын райондук администрацияларынын башчылары бар.

Айнуру Алтыбаева менен Ирина Карамушкина Жогорку Кеңештин жана анын түзүмдөрүнүн иши тууралуу маалымат берип, Кыргызстан парламентинде 26 аял депутат бар экенин, алардын үчөө вице-спикер, экөө тармактык комитеттердин төрайымдары экенин айтышты. “Ушу тапта аялдар Эсептөө палатасын, Каржы министрлигин, Жогорку Сотту, Башкы прокуратураны жетектейт”,- деди Алтыбаева.

Жолугушууда тараптар БУУнун Коопсуздук кеңешинин №1325 резолюциясын – тынчтык жана коопсуздук маселелерин чечүүдөгү аялдардын ролу белгиленген Коопсуздук кеңешинин биринчи резолюциясын аткаруу боюнча Аракеттер планы тууралуу да пикир алышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: