ЖАКтын коомчулук менен байланыш секторунун башкы адиси Элеонора Шаршеналиева дүйнө салды

Маалыматка ылайык, ал бүгүн, 25-мартта оорудан улам көз жумган.
Өмүр баяны:
Элеонора Шаршеналиева 1973-жылы Талас облусуна караштуу Көпүрө-Базар айылында туулган. Бишкек гуманитардык институтун аяктап, "Заман Кыргызстан", "Дил" гезиттеринин редакциясында корреспондент болуп, "Кабар" кыргыз улуттук телекоммуникация жана маалымат агенттигинин аналитикалык бөлүмүнүн редактору болуп эмгектенген.
2006-жылы Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын алдындагы "Үмүт" гезитинин инспектор-корреспонденти, редактору, басма сөз кызматынын улук инспектору болуп иштей баштаган.
2020-жылы Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматында коомчулук менен байланыш секторунун башкы адиси болуп эмгектенген.
Юстиция министрилигинин жалпы кызматкерлери маркумдун туугандарына жана жакындарына тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:19
2025-07-14
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.