super.kg logo

4 миң даана жоогазын бар. Жалал-Абад шаарына быйыл 300 миң даана гүл отургузулат

 
Быйыл Жалал-Абад шаарына 8 түрдөгү 300 миң даана гүл отургузулат. Алардын арасында эрте жазда эгиле турган 4 миң даана жоогазын да бар. Бул тууралуу муниципалитет берген маалыматта айтылат.
Кабарлангандай, марттын аягында жоогазындарды аянттарга отургузуу иши башталат.

"Ал эми калган гүлдөрдүн көчөттөрүн күнөсканадан атайын идиштерге көчүрүү иши жүрүп жатат. Алар аба ырайы турукташкан мезгилде шаар көчөлөрүнө, эс алуу бактарына, аянттарга жана мекеме-ишканалардын алдыларына отургузулат" деп билдирди мэриядан.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында жергиликтүү бюджеттен жалпы 4475 даана дарактардын көчөтү тигилип, 8 миң чарчы метр аянтка жашыл майсаң (газон) себилет.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: