super.kg logo

Орусия Беларуска ядролук куралын жайгаштырат

 

Орусия Беларусь тараптын өтүнүчү боюнча тактикалык өзөктүк куралын аталган өлкөнүн аймагына жайгаштырат. Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путин "Россия-24" телеканалынын эфиринде билдирди.

"Александр Григорьевич Лукашенко көптөн бери Беларустун аймагында орусиялык тактикалык өзөктүк куралды жайгаштыруу маселесин көтөрүп келет. Мында адаттан тыш эч нерсе жок. Кошмо Штаттар муну ондогон жылдар бою жасап келатат. Алар өздөрүнүн тактикалык ядролук куралдарын Европадагы союздаш өлкөлөрдүн, НАТО өлкөлөрүнүн аймагына эчак эле жайгаштырышкан", - деди Орусия президенти.

Путиндин айтымында, Беларустун аба күчтөрүнүн 10 учагы куралдын бул түрүн колдонууга даяр.

Ошондой эле Орусия Федерациясы коңшу өлкөгө тактикалык өзөктүк куралдарды алып жүрүүгө боло турган "Искандер" комплекстерин өткөрүп берди. 1-июлга чейин Беларуста тактикалык өзөктүк курал сакталуучу жайдын курулушун аяктоо пландалууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: