super.kg logo

Орусиянын Беларуска ядролук куралын жайгаштыруу аракети: АКШ билдирүү жасады

 

Ак үйдүн өкүлдөрү Орусиянын президенти Владимир Путиндин Беларуста орусиялык тактикалык өзөктүк куралдын жайгаштыруу ыктымалдуулугу боюнча билдирүүсүнө комментарий беришти. Бул тууралуу Returs басылмасы жазды.

Байдендин администрациясынын жогорку даражалуу расмий өкүлү белгилегендей, Орусия менен Беларус өзөктүк куралды жайгаштыруу тууралуу көптөн бери сүйлөшүп келе жатат. Ошол эле учурда Москва өзөктүк куралын колдонууну пландап жатканы боюнча азырынча эч кандай белгилер жок.

"Биз эч кандай Орусия өзөктүк курал колдонууга даярданып жаткан белгисин көрбөй жатабыз. Биз НАТО альянсын жамааттык коргоого берилген бойдон кала беребиз", - деген ал.

"Бул Путиндин НАТОну коркутуп-үркүтүү үчүн жасаган оюнунун бири. Анткени Беларуста муну жасоонун эч кандай аскерий пайдасы жок. Себеби Орусиянын ичинде мындай курал-жарактар ​​жана күчтөр көп", - деген америкалык окумуштуу жана өзөктүк маалымат долбоорунун директору Ханс Кристенсен.

25-мартта Владимир Путин Александр Лукашенконун өтүнүчү менен Беларустун аймагында өзөктүк курал жайгашарын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: