super.kg logo

Нурланбек Шакиев эл аралык олимпиадада жеңишке жеткен окуучуларды кабыл алды

 

Бүгүн, 27-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев математика, физика жана информатика боюнча окуучулар арасында өткөн ХIX Эл аралык Жаутыков олимпиадасынын жеңүүчүлөрүн кабыл алды.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, Казакстан тарабынан уюштурулган таймашка дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүнөн 1200дөн ашуун окуучу катышып, кыргызстандык 12 окуучу жеңишке жетишкен.

"Нурланбек Шакиев алдыңкы орунду багынткан келечек ээлерин жеңиши менен куттуктап, окуучулардын жеңишине көмөктөш болуп, окуткан мугалимдерине жана ата-энелерине ыраазычылык билдирди. Муну менен катар башка тармактар боюнча эл аралык иш-чараларда жеңишке жетишкендерди тосуп алып, даңазалоо адатка айланганын эске салган төрага мындан ары илим жана билим берүү жаатындагы ар кандай эр аралык таймаштарда ийгилик жараткандарга да татыктуу көңүл буруу керектигин кошумчалады", - деп айтылат маалыматта.

Жолугушуунун алкагында жеңүүчүлөрдүн ар бирине Жогорку Кеңештин атынан заманбап планшеттерди тапшырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: