super.kg logo

Этникалык кыргыздардын жарандык алуудагы көйгөйлөрү талкууланды

 

Бүгүн, 27-мартта Жалал-Абад шаардык мэриясынын жыйындар залында этникалык кыргыздардын жарандык алуудагы көйгөйлөрү талкууланды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Ага өлкөнүн акыйкатчы аппаратынын өкүлдөрү, тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери, аймактык башкармалыктардын башчылары, Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда жашаган этникалык кыргыздар катышты.

Жыйындын жүрүшүндө этникалык кыргыздардын көпчүлүгүнүн тиешелүү документтеринин жоктугунан жарандык алууда кыйынчылыктар жаралып жаткандыгы айтылып, жарандыгы жоктугунан пенсия, жөлөк пул, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, медициналык жардам жана турак жай алууда да көйгөйлөр жаралып жаткандыгы белгиленди.

Белгилей кетсек, президенттин жарлыгына ылайык, этностук кыргыздардын жана кыргыз улутундагы жарандыгы жок жарандар үчүн жөнөкөйлөштүрүлгөн жарандыгы жөнүндө убактылуу жарлыгы чыккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: