super.kg logo

Депутат Жаныбек Абировдун катышуусундагы мушташ: Кылмыш иши токтотула элек

 

Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров катышкан мушташ боюнча козголгон кылмыш иши токтотула элек. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев телеграм каналында билдирди.

Анын айтымында, жабырлануучу тарап тосмо арыз жазганына карабастан соттук териштирүү уланууда.

"Менин билишимче жабырлануучу тарап арызын кайра алган жана кылмыш иши кыскартылышы керек болчу. Бирок иш кыскартылган жок", - деген Бекешев.

Бүгүн, 27-мартта Жаныбек Абиров депутаттык мандатын тапшыра турганын билдирген.

Эскерте кетсек, 12-мартта Бишкектеги ресторандардын биринде мушташ тартылган видео социалдык тармактарга тараган. Анда мушташка катышкандардын бири депутат Жаныбек Абиров экендиги жана ал мекеменин күзөт кызматкерин сабап салганы айтылган болчу.

Жабырлануучу баш сөөгү жабыркап Улуттук госпиталга түшкөн. Окуяга президент Садыр Жапаров реакция жасап, Абиров соцтармак аркылуу элден кечирим сураган.

Октябрь РИИБи Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абировдун үстүнөн арыз түшкөнүн маалымдаган. 13-мартта Бишкек ШИИББи калаадагы ресторандардын биринин жанынан массалык мушташка катышканга шектүү катары эки жаран кармалганын билдирген. Алар 15-мартта СИЗО-1ге бир айга камакка алынганы маалым болгон.

Башкы прокурор Жогорку Кеңешке Абировду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук сурап кайрылган. Конституциялык мыйзам, мамлекеттик түзүлүш жана сот-укуктук маселелер боюнча комитет парламентке иштин жагдайын иликтеп чыга турган комиссия түзүүнү сунуштаган. Натыйжада териштирүүчү депутаттардын тобу түзүлгөн.

Андан соң Жаныбек Абиров сабаган жаран тосмо арызын жазып, тараптар элдешкени маалым болгон.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: