super.kg logo

Казакстандын БШКсы шайлоонун акыркы жыйынтыгын жарыялады

 

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы 27-мартта эртең менен партиялык жана бир мандаттуу округдар боюнча парламенттик шайлоонун акыркы жыйынтыгын жарыялады. Жыйынтыктар алгачкы жыйынтыктарга окшош.

Бийликтеги “Аманат” партиясы (мурдагы аты “Нур Отан”) парламенттеги көпчүлүк орундарга ээ болот. Ал шайлоочулардын 53,9 пайыз добушун алган. Ал эми "Ауыл" – 10,9 пайыз, Respublica – 8,59 пайыз, "Ак жол" – 8,41 пайыз, "Казакстандын элдик партиясы" – 6,8 пайыз жана "Коомдук социал-демократиялык партия" 5,2 пайыз добушка ээ болду. Шайлоочулардын 2,3 пайыз ишенимине ээ болгон "Байтак" партиясы беш пайыздык чектен өтө алган жок. Шайлоого катышкан жарандардын 3,9 пайызы баарына каршы добуш берген.

Казакстанда депутаттарды шайлоо 19-мартта өтүп, айрым көз карандысыз талапкерлердин жана байкоочулардын шайлоо процессинин бузулушу боюнча арыздары менен коштолду.

Жергиликтүү байкоочулардан тышкары ЕККУнун байкоочулары да добуштарды эсептөөдө жана анын жыйынтыгын чыгарууда ачык-айкындуулук көйгөйлөрүнө токтолушту. Алар өз отчётунда “расмий шайлоого караганда добуш бергендер аз болду” деп белгилешти.

Бийлик өткөн шайлоону "таза" деп сыпаттаса, Башкы прокуратура "олуттуу мыйзам бузуулар болгон жок" деп билдирди.

Көз карандысыз байкоочулар, талапкерлердин өкүлдөрү, жарандык активисттер жана коомдук ишмерлер шайлоонун жыйынтыктарына каршы экенин билдирип, бийликке бир канча талаптарды коюп, митинг өткөрө тургандыктарын билдиришкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: