super.kg logo

Кыргыз эл артисти Асанкул Осмоновду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө

 

Бүгүн, 28-мартта Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында Кыргыз эл артисти Асанкул Осмоновду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат. Ага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгулов, маркумдун жакындары жана маданият өкүлдөрү катышууда.

"Асанкул Осмонов элдин эсинде "Айкөл Манаста" Кошойдун, "Курманжан Даткада" Алымбек Датканын, Кудаяр хандын, "Манастын уулу Семетейде" Бакайдын, Ш.Садыбакасовдун "Ак боз атында" Шырдакбектин, Т. Касымбековдун "Токтогулунда" Ниязалынын, "Король Лирде" Король Франстын ролдорун жогорку чеберчиликте аткарганы менен калды" деп эл артисттин эмгектерин кеп кылган Байсалов маркумдун жакындарына көңүл айтып өттү.

Белгилей кетсек, Осмонов 26-мартта 88 жаш курагында көз жумганы маалымдалган.

Өмүр баяны:

Асанкул Осмонов 1935-жылы 1-мартта Нарын районунун Миң-Булак айылында туулган.

1954-жылы Каракол айыл чарба техникумун бүтүргөн.

1958-жылы Москвада өткөн Кыргыз Республикасынын жалпы маданият күнүнүн декадасына катышкан.

1958-жылдан Кыргыз академиялык драма театрынын актёру болуп иштеп баштаган.

1990-жылы Кыргыз Эл артисти наамы ыйгарылган.

88 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: