Актёр Чыңгыз Мамаевдин соту 11-апрелге жылды
Бүгүн, 28-мартта Жогорку Сотто зордуктоого шектелип жаткан актёр Чыңгыз Мамаевдин соттук отуруму жабык эшик артында болуп өттү.
Сот отурумунда актёрдун жактоочусу иштин жагдайлары менен таанышуу үчүн судьядан убакыт сурады. Жыйынтыгында сотко төрагалык кылуучу кийинки соттук отурумду 11-апрелге белгиледи.
Эске салсак, Чыңгыз Мамаев 2022-жылдын апрель айында зордуктоого шектелип кармалган. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренесинин ("Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракети") негизинде иш козголгон.
Ушул жылдын 11-январында актёр үй камагына чыккан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:46
2025-07-15

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.