super.kg logo

Бишкекте Эл аралык түрк академиясынын илимий кеңешинин жыйыны өтүүдө

 

Бүгүн, 28-мартта Бишкекте Эл аралык түрк академиясынын илимий кеңешинин кезектеги VI жыйыны башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйынга Эл аралык түрк академиясынын президенти Шаин Мустафаев, билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев, Азербайжандын билим берүү жана илим министринин орун басары Идрис Исаев, Казакстандын Илим жана жогорку билим берүү министрлигинин Илим комитетинин төрагасы Дархан Ахмед-Заки, Түркиянын Улуттук билим берүү министрлигинин Билим берүү жана тартип боюнча кеңешинин төрагасы Жихад Демирли, Венгриянын Кыргызстандагы элчиси Шандор Дороги, ошондой эле боордош өлкөлөрдөгү билим берүү жана илим үчүн жооптуу ведомстволордун өкүлдөрү жана эксперттери катышууда.

Жыйындын башында Түрк академиясынын илимий кеңешинин төрагалыгы Казакстандан Кыргызстанга өткөрүп берилди.

Эл аралык түрк академиясынын президенти Шаин Мустафаев 2022-жыл үчүн аткарылган академиянын иштер тууралуу отчёт берип, 2023-жылга карата долбоорлордун планы менен тааныштырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: