Түркия менен аскердик-техникалык чөйрөдөгү кызматташтык маселеси талкууланды
Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Түркия президентинин алдындагы Коргоо өнөр жай агенттигинин президенти Исмаил Демир менен жолугушту. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, аталган агенттик Түркиянын бардык коргонуу өнөр жайын башкарат.
"Исмаил Демир менен мамлекеттерибиздин ортосундагы аскердик-техникалык чөйрөдө, анын ичинде терроризм, экстремизм жана баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү сыяктуу заманбап чакырыктар менен коркунучтардын алкагында эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуу маселелерин кеңири талкууладык", - деди Казакбаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:46
2025-07-15

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
emirchik

28.03.2023. 13:38
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ай,Красавчиктер ATAK-129 Деген Вертолеторунан Алгыла
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.