super.kg logo

Президенттин кудасы Турусбек Түмөнбаев жаңы кызматка дайындалганы маалым болду

 
Президенттин кудасы Турусбек Түмөнбаев "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасына директор болуп дайындалганы белгилүү болду. Маалыматты мэриянын басма сөз кызматынан тастыктады.
Түмөнбаев аталган кызматка төрт ай мурун дайындалган экен, бирок буга чейин анын кызматка дайындалганы расмий жарыяланган эмес. Ал качан гана мэриянын сайтында ишкананын жетекчиси катары көрсөтүлүп, сүрөтү илингенден кийин жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыкты.
Турусбек Түмөнбаев президент Садыр Жапаровдун бир тууган жездесинин агасы болот. Ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаевдин бир тууганы.
Ал 2020-жылды октябрда Жапаров бийликке келгенден кийин "Унаа" мамлекеттик ишканасына жетекчи болуп дайындалган. Анда мамлекет башчы бийлик алмашкан учурда коррупционерлер банктардан акча чыгарып качып кетпесин деп, шашылыш түрдө өзү билген адамдарды кызматка койгонун айткан.
2021-жылы "Темиров Лайв" "Унаа" мамлекеттик мекемеси жарым миллиардга тендер өткөрүп, Түмөнбаевдин кызы менен байланышы бар фирма аны утуп алганын жарыялаган. Бул чуулгандан кийин ал кызматынан бошотулган.
Белгилей кетсек, "Бишкекасфальтсервис" - борбор калаанын мэриясына караштуу ишкана. Мекеме шаардын жолдорун жана көрктөндүрүү объектилерин долбоорлоо, куруу, реконструкциялоо, капиталдык оңдоо жана тейлөө менен алектенет.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: