Бишкекте хоккей боюнча мелдеш өтөт
Бишкектеги шаардык муз тебүү аянтында хоккей боюнча мелдеш өтөт. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча федерациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, “Алтын шайба” деген аталыштагы мелдештин алкагында орун алуучу “Илбирс-1” жана “Илбирс-2” командаларынын ортосундагы оюн 12-декабрда 17:00дө башталат.
Ал эми 14-декабрда “Илбирс” жана “Локомотив” командаларынын ортосунда жолдоштук оюн орун алат.
Кошумчалай кетсек, бул беттештер шаардык муз тебүү аянтынын ишке кирген күнүнө карата уюшулууда. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:27
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.