super.kg logo

Экс-депутат Абиров катышкан мушташ: Эки шектүүнүн баш коргоо чарасы өзгөртүлдү

 

Экс-депутат Жаныбек Абировдун катышуусунда мушташ боюнча эки шектүүнүн баш коргоо чарасы өзгөртүлдү. Бул туурасында Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Милицияга Д.А. аттуу жабырлануучудан арыз келип түшкөн. Анда ал айыптоодон баш тартканы айтылат. Мындан улам шектүү эки жарандын баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, алар үй камагына чыгарылды.

Эске сала кетсек, 12-мартта Жаныбек Абиров мушташка катышканы белгилүү болгон. Мушташтан жабыркаган жаран Улуттук госпиталга жаткырылган.

Бул кадамы үчүн Абиров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу элден кечирим сураган.

Ал эми 15-мартта Жогорку Кеңеш Жаныбек Абировго карата кылмыш ишин козгоого макулдук алуу үчүн Башкы прокурор киргизген сунушту карап, атайын депутаттык комиссия түзүлгөн.

27-мартта Жаныбек Абиров жоопкерчиликти сезип жатканын айтып, депутаттык мандатын тапшыра тургандыгын билдирген. Анын арызы БШКда каралып, Абиров мандатынан ажыратылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: