super.kg logo

Бишкекте орус тилдүү муниципалдык кызматкерлер кыргыз тилин үйрөнүүдө

 

Бишкекте муниципалдык кызматкерлер үчүн “Кыргыз тилин үйрөнөбүз” жана “Иштиктүү кыргыз тили” деген аталыштагы окуу курстар уюштурулууда. Бул тууралуу калаа мэриясынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, мэриянын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү орус тилдүү муниципалдык кызматкерлер үчүн 3 айлык “Кыргыз тилин үйрөнөбүз” деген аталыштагы жана жалпы муниципалдык кызматчылар үчүн иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча "Иштиктүү кыргыз тили" деген темада окуу курстарды өтүүдө.

Ошондой эле кызматкерлер аталган окуу курстарда "Кыргызтест" тестин тапшырууга да даярдык көрүп жатышат.

"Бул окуу курстар “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамын жана Бишкек шаарынын мэриясынын 2022-жылдын 6-июлундагы № 116 “Бишкек шаарынын мэриясынын 2022-2025-жылдарга карата мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө” токтомун ишке ашыруунун алкагында уюштурулууда", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: