super.kg logo

"Агай" сериалынын жабык көрсөтүүсү аншлаг менен өттү

 

"Агай" сериалында №3 эксперименталдык гимназия ачуудагы кыйынчылыктар, бут тосууларга карабастан жаңы методикалардын негизинде окуучуларды билимге сугарып, өлкөбүздүн билим берүү тармагына зор салымын кошуп келе жаткан Гапыр Мадаминовдун баскан жолу чагылдырылган. Бүгүнкү жабык көрсөтүүнүн соңунда агай тууралуу тартылган даректүү тасма дагы көрсөтүлдү.

Анда билим берүү тармагына өмүрүн арнаган Гапыр Мадаминов гимназиясы негизделгенден бери эмгектенип келген мугалимдер, окуучулардын республикалык, облустук деңгээлдеги жетишкендиктери ошону менен катар кемчиликтер тууралуу сөз болду.

Жабык көрсөтүүнүн соңунда сыйлуу конокторго сөз берилип, Гапыр Мадаминов жалпы келгендерге ыраазычылык билдирип, убакыттын тардыгына байланыштуу сөз кезеги жетпей калгандардан кечирим сурап өттү.

Күтүлгөндөй эле Гапыр Мадаминов сыртка чыгар замат аны менен сүрөткө түшүүнү каалаган күйөрмандарынын узун кезеги жаралып, аны курчап алышты. Чындыгында билим берүү тармагындагы адамды кумир тутуп, аны менен эстелик үчүн сүрөткө түшүүнү каалагандардын саны көз кубандырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: