super.kg logo

Бишкектеги Ленская көчөсүндө оңдоо иштери жүргүзүлөт

 

Бишкек шаарындагы Ленская көчөсүн оңдоо иштери быйыл башталат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкулов көчмө жыйындын алкагында Ленская жана Кара-Балта көчөлөрүн текшерди.

Жыйынтыгында Кара-Балта көчөсүн Фучик көчөсүнөн ЧЧКга чейинки узундугу 1000 метрден ашык жолдун катмарын атайын техниканын жардамы менен тегиздөө мүмкүнчүлүгүн кароо чечими кабыл алынды.

Көчмө жыйындын жүрүшүндө аким Ленская көчөсү 2023-жылга карата капиталдык оңдоонун титулдук тизмесине киргизилгендигин, шаардык бюджет бекитилгенден кийин бул тилкеде Фучик көчөсүнөн ЧЧКга чейинки бөлүгүндө узундугу 1000 метрге жакын оңдолорун билдирди.

Белгилей кетсек, учурда Ленская көчөсү кейиштүү абалда, көп жылдардан бери оңдоо иштери жүргүзүлбөй келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: