super.kg logo

Балыкчы-Кочкор темир жолун куруу иштери жанданды

 

Балыкчы-Кочкор темир жолун куруу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындан туура бир жыл мурун, 2022-жылдын 31-мартында президент Садыр Жапаров Балыкчы-Кочкор темир жолунун курулушунун башталышына старт берген.

Өткөн жылы пландалган 5 чакырым темир жол курулуп бүттү, жумуштар толугу менен "Кыргыз темир жолу" УК" МИнин өздүк каражатынын эсебинен аткарылган. Суук түшкөнүнө байланыштуу курулуш иштери убактылуу токтолуп, 2023-жылдын март айында аба ырайы турукташкандан кийин жумуштар жанданды.

Быйыл 15 чакырымдан ашуун темир жол куруу пландалды. Учурда темир жолдун астыңкы катмары курулууда, жумушка 20 даана атайын техника, 30 жумушчу тартылган. Ал эми рельстерди жана шпалдарды төшөөдө 100гө жакын темир жолчу, 30 даана атайын техника тартылат. Жумуштар толугу менен ишкананын өздүк каражатынын эсебинен аткарылууда.

Кошумчалай кетсек, Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече (186 чакырым) долбоорун ишке ашыруунун биринчи этабы - узундугу 63 чакырым болгон Балыкчы-Кочкор темир жолунун участогун куруу саналат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: