super.kg logo

Жапаров: "2026-жылга чейин 50 миңден кем эмес үй-бүлө турак жай менен камсыз болот"

 

Жалпы өлкө боюнча "Менин үйүм - 2021-2026" программасына ылайык, 2026-жылга чейин 50 миңден кем эмес үй-бүлө турак жай менен камсыз болот. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Президент өткөн жылы жаңы 42 мектептин курулушу аяктап, 11 мектеп толук оңдоп-түзөөдөн өткөнүн белгилеген.

"Мектеп салбаган өлкөлөрдө түрмөлөр көбөйөт" деген сөз бар эмеспи.

Үстүбүздөгү жылы жалпысынан 204 мектептин курулушу пландалып, жыл аягына чейин анын 100дөйүн бүтүрүү күтүлүүдө", - деди ал.

Мамлекет башчысы былтыр 47-колония Молдовановка айылына көчүрүлгөндүгүн эске салды.

"Анын ордуна болсо кичи район салынып жатат. Кудай буюрса, бир жарым жылдан кийин бүтөт. 5500 үй-бүлөгө Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) аркылуу 20 жылдык мөөнөт менен ипотекага турак жай беребиз.

Мындан сырткары, Нарын, Талас, Жалал-Абад облустарында көп кабаттуу үйлөрдү салып жатабыз. Башка облус, район, шаарларга дагы долбоорлор даярдалып жатат.

Аларды дагы МИК аркылуу кезекте турган жарандарыбызга беребиз.

Мамлекеттик кызматкерби же жөнөкөй ишкерби - айырмасы жок. Кыскасы, жалпы өлкө боюнча "Менин үйүм - 2021-2026" программасына ылайык, 2026-жылга чейин 50 миңден кем эмес үй-бүлөнү турак жай менен камсыз кылабыз.

Кийинки жылдарда Бишкектеги номер биринчи тергөө абагын дагы калаа сыртына көчүрөбүз. Ал жерге дагы кичи район түшөт. Аракеттерибизди сөз менен эмес, иш менен көрсөтөбүз", - деди Жапаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: