super.kg logo

Тамашоучу Санжар Мыкыев 34 жашка толду. "Таштанды полигонунда жашагандарга азык-түлүк таратабыз" дейт ал

 

Бүгүн, 3-апрелде алып баруучу, шоумен Санжар Мыкыев 34 жашка чыкты. "Тамашоучу" мырзаны өздүк майрамы менен куттуктап, маанайын билүү үчүн ага байланышка чыктык.

"Туулган күнүм үй-бүлөмдүн, бала-чакамдын курчоосунда башталды. Биринчилерден болуп дал ушул инсандар куттукташты. Өздүк майрамым экенин деле унутуп калыптырмын. Себеби бул күнгө көп деле маани бере бербейм.

Бүгүн классташтарым, "тамашоудогу" жана алып баруучу досторум менен биргеликте таштанды полигонунун айланасында жашаган мекендештерибизге кечке чейин азык-түлүк жеткиребиз. Атайын менин туулган күнүмдө таратабыз деген деле ой жок эле. Ушул күнгө туш келип калыптыр", - дейт ал.

Алып баруучу, шоумен Санжар Мыкыев 1989-жылы 3-апрелде Ош шаарында төрөлгөн. Үй-бүлөдө 5 эркектин улуусу. Оштогу кыргыз-түрк лицейин аяктап, андан кийин “Ала-Тоо” университетинен билим алган. Кесиби – программист.

“Тамашоудо” “Достук” командасынын капитаны катары таанылган. 2012-жылдан тарта “Тамадалар” командасында ойной баштаган.

Санжар Мыкыев 2013-жылы 14-ноябрда сүйүктүүсү Наристеге баш кошуп, 2015-жылы Фатима, 2019-жылы Селима жана 2022-жылы Алима аттуу кыздуу болушкан.

3-апрелге карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: