super.kg logo

Бишкекте Азамат Ногойбаевдин отставкасын талап кылган акция өттү. Ал кечирим сурады

 

Бүгүн, 3-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын алдында шаардык милициянын башчысы Азамат Ногойбаевдин кызматтан кетишин талап кылган нааразычылык акциясы өттү.

Азамат Ногойбаев 31-мартта Фейсбукта түз эфирде суроолорго жооп берип жатып, шаарда өспүрүм кыздар зордукталган учурлар көп катталып жатканын, алардын арасында жыныстык катнашка өз эрки менен баргандар бар экенин билдирген.

Анын билдирүүсү коомчулукта кызуу талкуу жаратып, анын дарегине сын-дооматтар айтылган. Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматы Ногойбаевдин айткандарына байланыштуу кызматтык териштирүү баштаганын билдирген.

Азамат Ногойбаев акциянын алкагында журналисттерге маалымат жыйын уюштуруп, буга чейинки билдирүүсү боюнча комментарий берди.

"Мен өз билдирүүмдө жашы жете элек өспүрүмдөрдү күнөөлөгүм келген эмес. Болгону өспүрүмдөр үйүнөн чыгып кетип, сексуалдык зомбулукка кабылган фактылар бар экенин жана эч ким жазасыз калбай турганын айткам. Мен "өздөрү" деген сөздү ката айтып алдым. Туура эмес сүйлөсөм кечирим сурайм", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
03.04.2023. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыздарга каршы басмырлоону, зомбулукту ар кандай жол менен актоо бул Афганистан, африка, араб өлкөлөрүндө кеңири жайылган. Анткени бул жакты кыздардын эркин жашоосун кескин түрдө кысып салышкан. Мындай көрүнүшкө бизде жол берилбеш керек. Кээ бир молдолор, аалымдар соц. тармактар аркылуу атайлып кыздардын эркин жашоо шартын ар кандай сыпаттап, кыздар жөнүндө тескери ой пикир жаратып жатышат. Буга коомчулук тыйуү салуусу керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: