super.kg logo

MEGA компаниясы Бишкекте велосезонду ачты. Шаардыктардын кубанычы сүрөттөрдө

 

MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш оператору Бишкек шаардык мэриясы жана «Вело Friends Позитив KG» коомдук фонду менен биргеликте 2-апрелде Велосезон-2023тү салтанаттуу ачты.

Борбор калаанын 145 жылдыгына арналган масштабдуу веложүрүшкө сергек жашоо образын колдогон 2500дөй адам чогулду. Жүрүштүн ардактуу коноктору – шаар мэри Эмилбек Абдыкадыров, ИИМге караштуу Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын жетекчилиги болду.

MEGA компаниясынын башкы директору Нурлан Мамытов катышуучуларга кайрылып: "Экологиялык таза транспорт менен шаарда жүрүүнү оң көргөн көптөгөн адамдардын башын бириктирген – Велосезон-2023 спорттук, үй-бүлөлүк, масштабдуу иш-чаранын уюштуруучуларынын бири болуу - биз үчүн чоң сыймык. 15 жылдан бери MEGA компаниясы спортко, сергек жашоо образына багытталган долбоорлорду колдоп келет. Мындай иш-чарага кесиптештерибиздин, досторубуздун, муниципалитет, мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү, жарандык активисттер жана ЖМК өкүлдөрүнүн катышкандыгы кубандырат. Өзгөчө бир үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрү катышканын көрүп толкундануу сезиминде болосуң, демек кыргызстандыктар үчүн сергек жашоо образы кенен жайылууда", – деди.

Жекшембиде күн ачык болуп, жүрүшкө чыккандар саат 10:00дө Ала-Тоо борбордук аянтынан аны башташып Дайыр Асанов атындагы “Жеңиш” паркынан жыйынтыкташты. Баса, веложүрүш катышуучулардын жаш курагын чектеген эмес. Иш-чаранын эң жаш велосипедчиси Максим үч жашта, ал атасы менен биргеликте жүрүштүн башынан аягына чейин велосипедин тээп келди, бул үчүн MEGA компаниясынын азембелеги менен сыйланды. Башка спортчулар да көз жаздымда калган жок, баарына оператордун фирмалык футболкалары берилди.

MEGA компаниясынын кызматкерлери финишке келгендерди даамдуу сэндвич, суусундук жана таттуулар менен тосуп алышты, VIP-номерлер утуш оюнуна коюлуп, эстрада ырчысы Кайрат Примбердиевдин жана Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын жана симфониялык оркестрдин артисттери майрамдык атмосфераны жаратып, шоу-программадагы концерт тартуулашты.

MEGA – спорт менен сергек жашоо образы үчүн!






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: