super.kg logo

Прокурор блогер Ырыс Жекшеналиевди алты жылга эркинен ажыратууну сурады

 

Бүгүн, 3-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук сотунда блогер Ырыс Жекшеналиевдин ишин кароо уланды.

Сот тараптардын жарыш сөзүнө өттү. Прокурор блогерди күнөөлүү деп таап, алты жылга эркинен ажыратууну сурады. Кийинки жараян 11-апрелде болот.

Активистке Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (“Калайман башаламандык”) 3-бөлүмү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен кылмыш иши козголгон.

Белгилей кетсек, Фейсбуктагы “Полит Узник” баракчасынын администратору, 20 жаштагы Ырыс Жекшеналиев былтыр августта кармалган. Буга ал УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону чыгарганы негиз болгон. Бишкектеги тергөө абагында эки ай отургандан кийин Бишкек шаардык соту былтыр 26-октябрда аны үй камагына чыгарган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: