Киев көчөсүндөгү мурдагы прокуратуранын ордуна 22 кабаттуу бизнес борбор курулат
Бишкектеги Киев көчөсүндөгү күйүп кеткен мурдагы Генералдык прокуратуранын ордуна 22 кабаттуу бизнес борбор курулат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров билдирди.
Мэрдин айтымында, имараттын жери ижарага берилди. Ал үчүн алган адам мамлекетке жылына 6 миллион сом төлөйт.
"Бишкектин борборунда ал имарат эстеликтей болуп эле турду. Анан мен келгенде эле ошону жана иштебей турган баняны буздум. Генпрокуратуранын ордуна 20 чактыдай архитектор катышыптыр. Биздин проекти жакшы бир архитектор утуптур.
Эми маселе мындай, проект жакшы. Ал жерди биз сатып жиберген жокпуз, ижарага берилди. Жылына 6 миллион сом төлөйт, андан тышкары имарат бүткөндөн кийин 10 пайызын мамлекетке өткөрүп берет. Андан кийин жерди дагы өзүнчө кийин сатып алат.
Экинчи маселе мен ал архитектор менен сүйлөштүм, ал жерге кура турган имаратына 150 миллион доллардай кетет жана имарат 22 кабаттуу болот экен. Эми биз банктагы акчаңды көрсөт деп жатабыз. Биздин шаар ошол үчүн бузулуп жатат, баштап коёбуз дагы анан 10 жыл курабыз да.
Булардыкы үч жыл экен. Биз үч жылдын ичине куруп бүтүү боюнча келишим түзөбүз. Эгер үч жылдан ашып кетсе силерге пения кетет дедим", - деп билдирди Абдыкадыров.
