super.kg logo

Бишкекке мындан ары мектеп курулбайбы? Мэрдин жообу

 

Бишкек шаарына мындан ары мектептер курулбайт деген сөздөр чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров билдирди.

Мэрдин айтымында, эми бала бакча курууга көбүрөөк басым жасалат. Бирок ошол эле учурда мектептерди куруу дагы сыртта калбайт.

"Мектептер салынат. Мектеп курубайт экен деген туура эмес сөз. Мына азыр Асанбай жакка мектеп куруу үчүн жер бөлүп бердик. Орусия бизге мектеп салып берет. Ак-Бата жаңы конушунда дагы 75-мектептин проектисин берип жатабыз, ал жакка дагы курулат.

Быйыл мектеп курулган жерлерге элдер бала бакча дагы куруп бергилечи деп сурап жатыптыр. Ошондуктан биз бала бакчага көбүрөөк басым жасайлы деп жатабыз, бирок албетте мектептерди дагы курууну таштабайбыз. Мектеп курушубуз керек", - деди Эмилбек Абдыкадыров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: