super.kg logo

Оштун Медресе айылында электр жарыгы өчүрүлүп жатканынын себеби айтылды

 

ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө билдирүү жөнөткөн окурман Кара-Суу районундагы Медресе айылында өчкөн электр жарыгы 3 күндөн бери күйө электигин айткан.

Ал "Медресе айылында 3-апрелде электр жарыгы өчкөн, али күйө элек. Дүкөн иштетебиз ага генератор колдонуп жатабыз. Анткен менен ал деле эки муздаткычты көтөрөт. Кезек менен 2 сааттан которуп жатабыз. Балмуздуктардын эрип кеткенине кейип атабыз" - деген.

ЭЛДИК КАБАРга жооп алуу үчүн "Ош электр тармактар" ишканасына байланышкан учурда Кара-Суу районунда оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу электр жарыгы маал-маалы менен өчүрүлүп жатканын маалымдашты.

"Кыш мезгилинде пайда болуучу авариялык кырдаалдардын алдын алуу максатында учурда "Ош электр тармактар" ишканасынын бардык участкаларында оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп жатат.
Электр жабдууларын күз-кыш мезгилине даярдоонун алкагында электромонтерлор күн сайын жабдууларды оңдоо, авариялык жыгач таянычтарды темир-бетон таянычтарга алмаштыруу, өзүн-өзү камсыз кылган изоляцияланган зымдарды орнотуу, кабелдик линияларды оңдоо жана куруу иштери, дарактардын бутактарын кыюу, эсептегич шаймандарды алуу ж.б. иштерди жүргүзүүдө.
Учурда "Ош электр тармактар" ишканасынын "Подстанция" бөлүмү Кара-Суу районунда жайгашкан "Беш Мойнок" подстанциясында пландаштырылган оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүдө. Ар жыл сайын оңдоо иштери жергиликтүү бийлик менен макулдашылып, чоң подстанцияда төмөндөгү иштер сөзсүз жасалышы зарыл жана азыркы учурда аткарылып жатат:
  • Жогорку чыңалуудагы көмөкчү чордондор;
  • Мөөнөтү жеткен майларын алмаштыруу;
  • Резеткалуу контактарын тазалоо жана бышыктоо;
  • Приводдорун ревизиялоо;
  • Автоматтык түрдө өчүүлөр боюнча кайрадан текшерүү;
  • Толук кандуу иштөөсүнө ынануу;
  • Жогорку чыңалууну жүктөө жолу менен иштөө жөндөмдүүлүгүн текшерүү;
  • Майлардын сапатуулугун химиялык анализ аркылуу текшерүү;
  • Трансформаторлордун автоматтык коргонууларын текшерүү жана тастыктоо;
  • Коррозияга учаратпоо максатында сырдоо, майлоо.
Убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн "Ош электр тармактар" ишканасы кечирим сурайт" деп түшүндүрмө берди мекемеден.
Мындан ары кайсы күнү, кайсы аймакта оңдоо иштери болоорун мекеменин Facebook, Instagram, telegram расмий баракчасынан маалымат алса болорун кошумчалашты.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: